Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселесин кароо учурунда вице-спикер Аида Касымалиева ага болгон таарынычын айтты. Анын айтымында, Атамбаев убагында убадасын аткарбай койгон.
"Сиз мени пресс-катчы кылып чакыргансыз, буга ошол учурдагы кесиптешим, азыркы депутат Жанар Акаев күбө болгон. Биз үчөөбүз отурганбыз, сиз шайлоо учурунда жардам берүүнү өтүнгөнсүз. Сизге ишенип макул болгом. Мен Жогорку Кеңешке келем деп ниеттенген эмесмин. Бирок бир айдан кийин пресс-катчы болгон жокмун. Мени шайлоочулар колдоп, арадан 3 жыл өтүп парламентке келдим. Мага "сатып кетти" деп айып тагуу туура эмес.
Өткөн жылы ЖЭБдеги фактылар ачыкка чыкканда аябай өкүндүм. Кечээ Атамбаев атчан адамдарды чогултуп, курал колдонуп, өлүүгө даяр деп айтканы уят нерсе. Учурда түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүүдө. Мындай маселенин көтөрүлгөнү уят көрүнүш. Эгер Алмазбек Шаршеновичке тынчтыктын кереги жок болсо, биздин балдарга керек. Биз башыбыздан 2 революцияны өткөрдүк. Сиз өз колуңуз менен бийликти өткөрүп бердиңиз. Асель Кодуранова сизди жөнөкөй адам эмес деп айтып өттү. Ооба, сиз жөнөкөй жаран эмессиз. 6 жыл өлкөнү башкардыңыз. Ошол себептен бул маселе көтөрүлүп жатат", - деп Атамбаевге кайрылды Касымалиева.
Бул билдирүүнү депутат Асель Кодуранова сынга алды. Башында ал төрага Дастанбек Жумабековду баарына бирдей мамиле жасоого чакырды. "Сиз Аида Касымалиевага белгиленген убакыттан ашык бердиңиз, баарына бирдей убакыт бериңиз. Ал вице-спикер, бирок биздей эле депутат" деди спикерге Кодуранова.
Андан соң Касымалиевага кайрылып: "Сиз туура айттыңыз, Алмазбек Шаршенович 6 жыл президент болуп, өлкөнү башкарды. Анын тушунда түндүк-түштүккө бөлүнүү маселеси болгон эмес. Акыркы 1,5 жылдан бери ал президент болгон жок. Ал бийликти өткөрүп берген. А сиз бул жерде отуруп алып элди бөлүп жатасыз", - деди Кодуранова.