Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 3-июлда маалымат жыйынын өткөрөт. Иш-чара саат 11:00гө пландалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Жумабеков парламенттин 6-чакырылышынын 5-сессиясынын ишмердүүлүгү, кабыл алынган мыйзам долбоорлору, актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берет.
Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңеш депутаттары жайкы каникулга тараган. Регламентке ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.
Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.