Бишкекте эркек кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү саат 04:30 чамасында Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун сыныктар бөлүмүнө белгисиз жаран ар кандай жаракаттарды алган адамды таштап кеткен. Жабырлануучу жол кырсыгынан улам ооруканада каза болгон.
"Бул кырсык боюнча билдирүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында эртең менен саат 07:00 чамасында Сокулук районунан "ВАЗ 21074" үлгүсүндөгү машина табылып, айдоочу катары 31 жаштагы жаран кармалган. Унаа айып короосуна токтотулуп, бардык чогултулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилген", - деп билдирет басма сөз кызматы.