Зыяратчылардын биринчи тобу Меккеге 16-июлда жөнөйт. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зыяратчылар бир нече каттамга бөлүнүп жиберилет. 49 кишиден турган ар бир зыяратчылар тобуна бирден ажы башчы дайындалды. Быйыл 109 ажы башчы иш алып барат.
Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 510 квота берген. Аларды Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы ташыса, кийимдерин актриса жана модель Айкөл Аликжанова тигип берген.