Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң доллар деп бааланды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин дин башкармалыгынын басма сөз бөлүмү кабарлады.
Маалым болгондой, 2018-2019-жылы 500 доллар төлөп кезек күтүп тургандар, калган 2 миң 500 долларды 14-марттан тартып 29-мартка чейинки убакытта РСК банкына төлөшү керек.
Муфтият аймактарда ажылык сапарына катталгандар өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийген же тийбегендигин тактап алгандан кийин гана акчасын төгүү керектигин эскертет.
Буга чейин Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 485 квота бергени маалымдалса, учурда квотанын саны 5 миң 510го жеткени кабарланды. Аларды Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы ташыса, кийимдерин актриса жана модель Айкөл Аликжанова тигип берүүдө.