Бүгүн, 1-июлда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Отунбаева Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деп айыптады. Отунбаеванын пикирине кандай карайсыз?" деген соболуна жарандык активист Гүлжигит Исаков жооп берди.
"Кыргыз саясаты банкротко учурады. Революциялар максатына жеткен жок. 2010-жылдан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү улуттун кызыкчылыгын тепсендиде калтырып, жоопко тартылбастан дагы деле бири-бирине сын айтып, жеке таарынычтары менен алек. Алгачкы мүмкүнчүлүктө бири-бирине сын айтып калууга маш болушууда. Бул мамлекетчил инсандын жасай турган иши эмес. Роза Отунбаева шайланган президент болгон жок, демек, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен көп пенсия алып, акыл үйрөткөнгө моралдык укугу жок. 2010-жылкы улуттар аралык кагылышуу боюнча башка Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен кошулуп жооп бере элек. Күнөөлүү болгондор эртеби-кечпи жоопко тартылышы керек.
Жарандарыбыздын тынчын алып, дүрбөлөң салганга эч бир саясатчынын укугу жок. Элибиз эски саясатчыларды абдан жакшы таанып калды. Коом жаңы формациядагы мамлекетчил инсандарга муктаж. Коррупцияга белчеси менен баткандар келип, жердешчилик факторун колдонгондору туура эмес. "Жердештерден коррупционер чыкпайт, кылмышкер чыкпайт" деген мыйзам жок да? Феодалдык этаптан эчак эле басып өттүк дечү элем, айрым саясатчыларыбыз дагы деле басып өтө элек экен. Элибиздин ушул тариздеги саясатчыларды жакшы тааный баштаганы кичине болсо дагы кубандырат", - деди Исаков.