Кыргыз өлкөсүндө Курман айт майрамы 10-августта же 11-августта белгиленери болжолдонууда. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Мындан улам быйылкы Курман айт майрамы 10 же 11-августка туш келип калышы мүмкүн. Майрамдын так күнү Курман айтка жакын, тагыраагы, 6-7-августта белгилүү болот.
Быйыл Орозо айы 4-июнда аяктап, 5-июнда Орозо айт белгиленди.