Бүгүн, 5-июнь - Кыргыз өлкөсүндө Орозо айт майрамы. Учурда Бишкек шаарынын тургундары жана шаардын коноктору Айт намазын окуу үчүн эски аянтта чогулушууда.
Муфтияттын түзгөн программасына ылайык, саат 06:00-07:00 - дин аалымдарынын баяндамалары; 07:00-07:20 - Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы; 07:20-07:30 - Өкмөттүн куттуктоосу; 07:30 — Айт намаз окулат.
6:32. Шаар тургундары Орозо айт намазына чогулууда. Буга чейин Бишкек шаарынын казысы жана Мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысы баяндарын айтышты.
6:33 Учурда Дин башкармалыгынын Даават бөлүмүнүн башчысы Сайдиев Билал баянын айтууда.
7:02. Аалымдар кеңешинин төрагасы өз сөзүндө мусулмандарды Айт майрамы менен куттуктап, ынтымакка, биримдүүлүккө чакырды.
7:03. Учурда кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат.
Азирети муфтий өз сөзүндө: "Биз, мусулмандар, бири-бирибизге жардам берип, кайрымдуу бололу. Эгерде жардам колун сунууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болсо жок дегенде бирөөгө жамандык кылбайлы. Бири-бирибизге жакшы сөз айтып, көңүлүбүздү көтөрөлү. Эгерде көңүлдү көтөрүү колубуздан келбесе жок дегенде башкалардын көңүлүн түшүрбөйлү", - деди.
7:24. Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков куттуктоо сөзүн айтып жатат.
7:29. Айт майрамын куттуктап келген аткаминерлердин арасынан Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эң кыска сөз сүйлөдү.
"Урматтуу мусулман туугандар, баарыңыздарды бүгүнкү бир туугандыктын, ынтымактын символу болгон Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм. Орозо айт майрамы ар бирибиздин Жаратканга болгон баш ийүүбүздүн жыйынтыгы экени баарыбызга маалым. Андыктан туткан орозобузду, айт намазыбызды Алла Таалам кабыл кылсын. Өлкөбүзгө бейпилдик, өнүгүү, баарыңыздарга чың ден соолук каалайм. Айт маарек болсун", - деди Суракматов.
7:30. Орозо айт намазы окулуп башталды.
7:47. Айт намазы окулуп бүтүп, учурда Курандан аяттар окулуп жатат.
7:54. Айт намазы жыйынтыкталып, чогулган эл тарап жатат.