Адахан Мадумаров: "Эки тараптын тең эч айырмачылыгын көрбөйм, бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды эки дос биргелешип жасаган" (кайрылуу)

Саясатчы Адахан Мадумаров учурда өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча видеокайрылуу жасады. SUPER.KG порталы бул кайрылуунун текстин сунуштайт.

"Карапайым калк эки достун ортосундагы байкоочу болуп калды..."

- Жүздөгөн суроолорго бир жооп берүүнү туура көрдүм. Биринчи суроо азыркы кырдаалга болгон көз карашым боюнча айтсам, ал нерсе эч кимибизге абийир алып келбейт. Эки достун барымтасына айланып калгандай. Анда кимиси утат, кимиси утулат деген суроого жооп издеп калдык. Урматтуу замандаштар, кагылайын калк, андай болбойт. Биздин коңшу мамлекеттер кадам-кадам алдыга жылып баратканы менен биз эки достун ортосундагы чырда байкоочу болуп калуудабыз. Бул жакшы эмес көрүнүш, жакшы эмес жагдайлар түзүлдү.

Эсиңиздерде болсо, соңку жылдары кыргыз интеллигенциясы, аксакалдары, эл акындары, улуттун уюткулары барбы деген суроо коюп келем, бул суроону бүгүн да көтөрөм. Эрегишүүнүн артында мамлекетибизге катуу доо кетип баратат. Эки тараптын тең эч айырмачылыгын көрбөйм, себеби бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды эки дос биргелешип жасашкан. Өткөндө Алмазбек Атамбаев өз интервьюсунда Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгү маселе жаратат деп айтты. Мен ал легитимсиз деп мындан 2 жыл мурун, шайлоо бүткөндө эле айткам, бүгүнкү күндө да ал ойду карманам.

Менин пикиримди турмуш, тарых, бүгүнкү өткөрүп жаткан күнүбүз далилдеп келе жатат. Чыгуунун жыйынтыгы, кандайдыр бир жолу барбы дегенде эрегиштен эр өлөт дегендей, экөө эрегишсе, эч нерсе эмес, бирок ортого элди салып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Биздин жакшыбызды жашырып, жаманыбызды ашырып, бизге душманчылык кылабыз деген аракеттер сырттан абдан көп. Ушулардын алдында жем болуп калбасак экен деген коркунучубуз бар.

"Аксакалдарыбыз, интеллигенттерибиздин кайдыгерлиги токтобосо, мен бир канча тарапташымды алып арачы түшүүгө мажбур болом..."

- Көптөгөн сунуштар чөлдө атылган октой болуп, жалгыз кыйкырык болуп ушул кезге жетип келди. Жеткирбей коюунун мүмкүнчүлүгү бар беле, сөзсүз түрдө. Эгерде мен айткан аксакалдарыбыз, интеллигенттерибиз кайдыгер болбой арачылап ортого түшүп калыс сөзүн айтышса, ушул деңгээлге жетмек эмес. Кыргыз эл аксакалдарына, эл баатырларына кайрылам, баатырдык көрсөтүңүздөр. Той-тамашаларда төрдө отурган азаматтарыбыздын кайдыгерлиги токтобосо, мен бир канча тарапташымды алып арачы түшүүгө мажбур болом.

Балким, бирөө Атамбаевге жолугуптур деп айтышы мүмкүн, мен ага да, Жээнбековго да жолуккан жокмун. Бирок "акылман сөзүнө, жаман күчүнө ишенет" болуп күчкө ишенип отуруунун кажети жок. Бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт, сөзгө келишибиз керек. "Акыл сөзү болбосо, улуулуктан эмне пайда? Ажылдашып ал турса сулуулуктан не пайда?" дегендей акыл сөзүн айтпаган аксакалдарыбыз турса, ортодон жулунуп чыга калган болбойт го деп адеп сактап ушул күнгө чейин келдик. Бирок кайдыгерчилик болуп жатканда өзүнчө жол издөөгө мажбур болом. Сөзсүз түрдө сынчылар чыгат, кандай сындаса, ошондой сындашсын, мен андан коркпойм. Мага өлкөнүн бүтүндүгү, элимдин бейпилдиги, мамлекеттин келечеги керек.

Ошондуктан эки тарапты тең бир ийге чакырам, конституциялык талаага келиңиздер, кылым карыткан кыргыздын каада-салтына келиңиздер. Күнөө эки тарапта тең бар, экөөңөрдө тең ат көтөргүс күнөөлөр бар. Атамбаев "мен Жээнбековду алып келип чоң жаңылыштык кетириптирмин" деп айтты. Бул жаңылыштык эмес, бул мыйзам бузуучулук. Өкмөтүңөр дагы, президент катарында сиз дагы Конституцияны да, шайлоо жөнүндө мыйзамды да тебелеп, эптеп жалган жашык менен ошол кишини алып келгенсиз. Бул киши дагы штабынан жашырып, мыйзамдарды одоно бузуп, эбегейсиз чоң каражаттарды жумшап, элдин добушун сатып алып тескери жол менен бийликке келген.

Эми болсо "бүгүн бийлик болбой калды" деп митингдерге көптөгөн чакыруулар түшүүдө. Мен ал митингде коюлган талаптарды колдойм, бирок формасын эмес, ошол себептен силерге кошула албайм. А мен бул киши болбойт деп чыктым, себеп: бараткан көч туура эмес, бул көчтү уланта турган болсок, жакшылыкка алып барбайт деп айтып келгенбиз. "Көрө көрө көсөм болот" дегендей биринчи президент болбой калганына 14 жыл, кийинкисине 5 жыл, утурумдукчулар мамлекетти туңгуюкка алып барат. Булардын Конституциясы, декреттери мамлекетти жок кылат деп кан какшап айткан учурда түшүнбөй, ага көңүл бурбай койдук, андан бери 9 жыл өттү.

Эми бул киши болбой калгандыгын билүү үчүн 2 жылга жакын убакыт керек болгон болсо, бул да өсүш. Эмне деген заман өттү, эмне деген убакыт, керемет жашоонун мезгилдери өтүп кетти. "Мен кезинде айткам" деп эле туруп алган болбойт, балким, жеткиликтүү айта албагандырмын. Бир нерсе десе бизди күнөөлөбөңүздөр деп айтасыздар. Күнөөлөбөйм, мен күнөөлүүмүн.

"Кышка кам көрө турган мезгилде топ-топко бөлүнүп алып, бири-бирибиз менен билек сынаша турган абалга келип калдык..."

- Кагылайын калк, кайдыгер болгондун кесепетинен же "мага баары бир, ким болсо боло берсин" бийликке, бийликтин чокусуна кокусунан келип калган даярдыгы жок, алдым-жуттумдар келип калганынан бүтүндөй элибиз, мамлекетибиз барымтада калып калууда. Керемет Ысык-Көлүбүзгө келчү коноктор, баары бизге көз салып карап турат. Жаздын бир күнү кышты багат дегендей кышка кам көрө турган мезгилде топ-топко бөлүнүп алып, жаакташып, бири-бирибиз менен билек сынаша турган абалга келип калдык.

Мен аксакалдарга, улуттун уюткуларына кайрылам, Жогорку Кеңеш өзүнүн функциясын аткара алган жок. Бардык ишти жасап оодара салып, жайкы өргүүгө кетип калганы - булардын жоопкерчиликсиздиги. Эмне болуп жаткан кезде да жумуштарын 2 жумага улантат деп күткөм, чарчап кеткен жерлери жок. Бир жумада 2 күн иштеп жатат, чиеленишкен маселени чечип, андан кийин кетет деген үмүттө болчумун. Бирок алардын акылы да, тажрыйбасы да, биздин касиеттүү элибиздин алдында жоопкерчилиги да жеткен жок. Бул уят көрүнүш, силер эл өкүлүбүз деп айтканга моралдык да, мыйзамдык да укугуңар жок. Андан көрө тарап кетсеңиздер элдин капчыгына үнөм киргизип ошол жагынан пайда алып келмексиңер. Тилекке каршы, 2 күндүн ичинде буйрукту аткардыңар да жоопкерчиликтен качып жок болдуңар.

Түзүлгөн кырдаал күндөн-күнгө, сааттан-саатка курчуп баратат, улут уюткуларына кайрылам, кандайдыр бир жолун таап, сунуш бериңиздер. Кимдир бирөөгө тополоң керек болуп жатса, мага кыргыз элинин бүтүндүгү керек. Бир да эненин көзүнөн жаш тамбашы керек, бир да жесир калган аял болбошу керек, бир да жетим бала калбашы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан