Коомдук ишмер Кубат Болотканов: "Бабанов кимге өтсө, салмак ошол жакка оойт". КҮНСОБОЛ

Президенттин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Москвага барып Өмүрбек Бабановго жолукту деген маалымат интернетке желдей тарады. Мындан тышкары бийлик тараптагы депутаттар Төрөбай Зулпукаровдун жана Канатбек Исаевдин Москвадагы сүрөттөрү социалдык тармактарда жайгаштырылды. Азырынча аталган саясатчылар бул маалыматтарды четке каккан да, ырастаган да жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бабанов тирешип жаткан эки "достун" кимисине кошулса салмагын арттырат деп ойлойсуз?" деген соболуна коомдук ишмер Кубат Болотканов жооп берди.

"Азыр эки тарап тең ушундай учурга келди. Бабанов кимге өтсө, салмак ошол жакка оойт. Бабановдун партиясын, элде болгон кадырын, президенттик шайлоодогу добуштарын, шайлоочулары кандай экенин эл жакшы билет. Жазында ал өлкөдө кагылыш болуп кетпесин деп чочулап келбей калганын айткан", - деди Болотканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан