Бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маалымат жыйын өткөрүүдө.
Төрага парламенттин 6-чакырылышынын 5-сессиясынын ишмердүүлүгү, кабыл алынган мыйзам долбоорлору, актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берүүдө.
Журналисттердин "өзүңүздүн ишмердүүлүгүңүзгө кандай баа бересиз?" деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди: "Мен өзүм-өзүмө баа бере албайм. Ал бааны мага эл, ЖМКнын өкүлдөрү берет. Ал эми кемчилик кеткен болсо аны моюнума алам", - деди ал.
Айта кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга тараган. Регламентке ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.