Кылычбек Султан: "Саясий куугунтук жана ооз жаптыруу аракеттери жүрүүдө"

Бүгүн, 3-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылып, андан 5 сааттан кийин чыкты.

Сурактан чыккан соң Кылычбек Султан УКМК тарабынан күбө катары суракка чакырылышына эмне иштер себеп болгонун айта албай турганын билдирди.

"Ток этер жерин айтканда, саясий куугунтук болуп жатканына 99 пайыз ишенем. Балким, 1 пайызы саясий жактан актоо аракети жүрүп жатат. Жалпысынан айтканда, бул жерде саясий куугунтук жана ооз жаптыруу аракеттери байкалууда. Мындай абалды өзгөртпөсө, Сооронбай Жээнбеков жана анын жан-жөкөрлөрү эртең эле дал ушундай саясий куугунтукка туш болушат", - деди Кылычбек Султан.

Суракта аны менен жактоочу Таалайгүл Токтакунова болгонун кошумчалады.

Кылычбек Султан: "Саясий куугунтук жана ооз жаптыруу аракеттери жүрүүдө"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан