Бүгүн, 4-июлда борбор калаада Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да экс-элчи Кылычбек Султан экинчи жолу УКМКга сурак бергени кирди.
Кечээ, 3-июлда ал суракта 5 сааттан ашык убакыт отурган.
"Кайсы себеп менен суракка чакырылып жатканымды азыр ачыктай албайм. Бул аракеттерди саясий куугунтук жана ооз жаптыруу аракети катары баалоого болот", - деди экс-элчи.
УКМКнын алдына экс-элчини колдоп "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты да чогулду.
Экс-элчи 2-июль күнү Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан. Ал эми кечээ эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө суракка чакыруу кагазын тапшырып кетишкен.