Адилеттүүлүктү коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылуу жасады.
Кайрылуу жасоого кечээ, 3-июлда жана бүгүн коомдук саясатчы Кылычбек Султандын УКМКга себеби көрсөтүлбөй чакырылгандыгы негиз болгон.
"Кылычбек Султан УКМКга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин штабына баргандан кийин суракка чакырылган. Адилеттүүлүктү коргоо комитети УКМКнын бул иш-аракетин сөз эркиндигине жана оппозициялык саясий ишмердүүлүккө болгон кысым деп баалайт. Кылычбек Султанга карата болуп жаткан саясий куугунтукту токтотууну, конституциялык укукту жана жарандык эркиндикти сактоону талап кылат", - деп жазылат кайрылууда.