Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, иш сапардын алкагында өлкө башчы Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат.