Экс-элчи Кылычбек Султан УКМКнын сурагынан чыкты. Бүгүнкү сурак саат 10:30да башталып, 2 саатка созулду.
Султандын айтымында, аны дагы суракка чакырышы мүмкүн. "Былтыр Сооронбай Жээнбеков коррупция менен чогуу күрөшүү чакырыгын таштаган. Мен өз мекенимдин патриоту катары бул чакырыктарына ишенип, жардам берип баштаган элем. Балким, коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбеков үчүн маанилүүдүр, бирок анын айланасындагы кээ бирлерине бул нерсе жакпай калганы былтыр эле билинген. Себеби мен билген тармактагы коррупциянын жүзүн ачуу аракеттеримден кийин мага каршы куугунтуктар башталганын баары эле билет.
Жалпысынан айтканда, менин төмөндөгүдөй эки божомолум бар. Оптимисттик божомолум - былтыр мага карата башталган саясий куугунтукту жокко чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Ал эми пессимисттик божомолум, ошол саясий куугунтукту күчөтүп, мамлекеттеги жана бийликтеги коррупцияга каршы чыккандардын жүрөгүнүн үшүн алуу аракети жүрүүдө", - деди экс-элчи.
Эске салсак, Кылычбек Султан 2-июлда Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан эле. Ошол күндүн эртеси эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө келишип суракка чакыруу кагазын тапшырып кетишкен.