Саясатчылар Кылычбек Султандын суракка чакыруулары тууралуу пикирлерин айтышты

Бүгүн, 4-июлда экс-элчи Кылычбек Султан УКМКнын сурагынан чыкты. Сурак саат 10:30да башталып, 2 саатка созулду.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Кылычбек Султанга карата саясий басым болуп жатат. "Жаңы бийлик келгенде башка маанилүү өзгөрүү болот деп ишенгенбиз. Тилекке каршы, жаңы бийликтин УКМКны саясий инструмент катары пайдаланып Султанды куугунтукка алып жатканы башка көз караштагы адамдарга жана сөз эркиндигине басым болуп эсептелинет. Султанды саясатчы катары коркутуп, "Супер-Инфону" кандайдыр бир деңгээлде басым аркылуу өзүнүн көз карашына дал келген позицияга өткөрүү аракети болууда", - деди Жээнбеков.

Укук коргоочу Рита Карасартова Кылычбек Султандын эмне иш боюнча чакырылганы сыр болуп жатканы таң калычтуу болуп жатканын айтты. "Адамды 2 күн 4-5 саатка суракка чакырып, маалыматты эч кимге таркатпагыла дегени бул ойдон чыгарылган иш экенин көрсөтүүдө. Бул саясий куугунтуктун далили. Баары ачык болуш керек", - деди Карасартова.

Эске салсак, Кылычбек Султан 2-июлда Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан эле. Ошол күндүн эртеси эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө келишип суракка чакыруу кагазын тапшырып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан