Могерининин сапары: уран, Азимжан Аскаров, 35 миллион евролук макулдашуу (фоторепортаж)

6-июлда Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Федерика Могерини менен эки тараптуу жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууга кол коюлду. Документти даярдоону тараптар 2017-жылдын декабрь айынан бери жүргүзүп келаткан.

Жаңы Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташтыкты комплекстүү өнүктүрүүнү түзүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Европа Союзу менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңыртылган укуктук негизин түзөт.

Мындан тышкары 2019-2021-жылдарга 35,76 миллион евро суммасына билим берүү программасы боюнча Финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул келишим өлкө үчүн Европа Союзунун көп жылдык индикативдик программасынын алкагында Европа Союзунун бюджеттик колдоосу болуп саналат. Европа Союзунун бул жардамы билим берүү тармагында түзүмдүк реформаларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын өкмөтүн колдоого багытталган.

Айдарбеков менен Могерини Борбор Азиядагы уран калдыктары сакталган жерлердин көйгөйүн чечүү боюнча Европа Союзу менен биргелешкен ишти кубатташты жана бул жаатта мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Ошол эле күнү Федерика Могерини президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

"Европа Союзу Кыргыз өлкөсү үчүн ишенимдүү өнөктөш. Биз ортобуздагы кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз" деген президент кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча Европа Союзу менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жыйынтыкталышын белгиледи.

Ал Европа Союзу менен макулдашуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу алакалардын жаңы барагын ачып, кошумча шык берерине ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Евросоюздун Кыргыз Республикасына берген социалдык-экономикалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, анын колдоосу менен туруктуу өнүгүү боюнча чечкиндүү кадамдар ишке ашырылып жатканын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү демократияны бекемдөө, экономикалык туруктуу мамлекетти куруу, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, социалдык адилеттүүлүк, толеранттуулук жана пикирлердин плюрализмин, калктын жашоо-турмушунун сапатын, деңгээлин камсыздоо боюнча тандап алган багытын карманганын, муну менен бирге чечимдер коомдук пикирдин кызыкчылыгында эске алуу менен кабыл алынарын баса белгиледи.

Федерика Могерини баса белгилегендей, Кыргыз Республикасында 2020-2022-жылдарга карата суу ресурстарын интеграцияланган башкарууга багытталган программасы ишке ашырылат. Ошондой эле каржылоо өлкөнүн бюджеттик колдоосуна жана элет жерине жардам берүү, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорго багытталарын кошумчалады.

Эртеси, 7-июлда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерининин төрагалыгы астында Европа Союзу – Борбордук Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу болуп өттү.

Министрлердин жолугушуусунун жүрүшүндө Европа Союзу менен Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана ишеним жараткан пикир алмашуу болду.

Жолугушууда ушул жылдын 17-июнунда Европа Союзу тарабынан жактырылган Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун жаңы Стратегиясы сунушталды.

Тараптар Европа Союзунун жаңы регионалдык Стратегиясын мындан ары ишке ашыруунун, аны конкреттүү программалар жана демилгелер менен толуктоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле укуктун үстөмдүгү, демократияны илгерилетүү жана адам укуктарын камсыздоо, коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүлүшү жана суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, энергетикасына санариптик технологияларды киргизүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү жана жаштар сыяктуу Европа Союзунун жаңы Стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Европа Союзу-Борбордук Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун алдында ушул жылдын 5-6-июлунда Бишкек шаарында Европа Союзу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жеке секторунун, жарандык коомунун, жаштардын жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи жолу Европа Союзунун форуму болуп өттү.

Европа Союзу-Борбордук Азия форумунун жана тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жүрүшүндө кыргыз тарап Европа Союзу менен региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын натыйжалуу механизми боло ала турган Европа Союзу-Борбордук Азия 1-экономикалык форумун өткөрүү демилгеси менен чыкты. Бул демилгени Форумдун жана Европа Союзу-Борбордук Азия жолугушуусунун бардык катышуучулары колдошту. Кыргыз тарабы 1-экономикалык форумду 2020-жылы Кыргыз жергесинде өткөрүүнү пландаштырууда.

Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин Могерини журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, абактагы Азимжан Аскаровдун маселеси учурда ачык-айкын пикир алмашуу иретинде талкууланып жатканын айтты. Буга чейин 8 эл аралык укук коргоо уюмдары Могериниге кайрылып, 68 жаштагы Аскаровду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотууга чакырууну суранган. Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан