Сауд Арабиясы Кыргыз жарандары үчүн ажылыкка дагы 500 орун бөлүп берди. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Маалыматка ылайык, башкармалык аталган орундарды аймактар арасында калктын санына жараша бөлүштүрдү.
"Ажылык сапарга барчу 500 адам электрондук кезекке туруп, алгачкы 500 доллар өлчөмүндөгү акчаны төлөгөн жарандардан тандалды. Бүгүн алар кечке чейин калган 2 миң 500 долларды төлөшү керек. Топко жаңы кошулган 500 адамга атайын кийим тиккенге үлгүрбөй калдык, бирок алар атайын эмдөөдөн өтүшөт", - деп билдирди Атабаев.
Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 510 квота берген. Аларды Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы ташыса, кийимдерин актриса жана модель Айкөл Аликжанова тигип берген.