Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам көз жумуп, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-июль күнү саат 15:30дар чамасында болгон. Фольксваген үлгүсүндөгү унаа Майлуу-Суу шаарынан Бишкекке бараткан. Унаанын ичинде 8 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен экөө көз жумуп, 6 адам Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Рено жүк ташуучу унаасы Бишкек шаарынан Ошко бараткан.

"2 айдоочу тең жеңил жаракаттарды алышкан. Жол кырсыгы эмнеден улам келип чыккандыгы такталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - дешти басма сөз кызматынан.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык унаалардын бири каршы тилкеге чыга калгандыктан чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elchi84
2019-07-10 09:39:01
Ушул жол маселеси боюнча президент баш болуп чара корбосо болбой калды окшойт го күндө кырсык өлүм болуп жатат.Калгандары менин проблемам эмес деп журушот чондун бааары.
+2
Abdizhapar
2019-07-10 10:24:24
Качан биздин чондор ойгонуп ушул жол маселесин чечет
+1
tatynam_88
2019-07-10 11:47:56
Ушу айдоочулар да чакчандап журуп кырып бутмой болду.жол эрежени сакта,узак жолдо тообонду келтирип шашпай журо бер.эрте менен бишкекке жетсе,туштон кийин кайра ош.мыйзамды баарыбыз сыйласак,эрежени сактасак биз деле жыргал жашоону кура алабыз.
+1
sainazarov0555
2019-07-10 14:09:01
Тооба кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан