Таласта жол кырсыгында 3 адам каза болду, алардын экөө айдоочунун балдары болгон. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 30-июлда саат 23:50 чамасында Кара-Ой айылында орун алган. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган.
"Жол кырсыгы Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 142-чакырымында орун алган. Анда 1988-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу жолдун четине чыгып кетип даракты сүзгөн. Оор жаракаттардан улам 2008-жылы туулган эркек бала, 2010-жылы туулган кыз жана 1972-жылы туулган аял киши каза болгон", - деп айтылат маалыматта.