Журналист Нарын Айып Матраимовдордун иши боюнча: "Эгер акча которуу кылмыш болсо, анда дүйнөдөгү банктар иштебей калат". КҮНСОБОЛ

Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.

Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.

"Албетте, Финансы полициясы жана "Азаттык" өздөрүн коргойт жана өздөрүнө сөз тийгизе турган нерселерди жашырат. Бирок "Азаттык" документтердин бардыгын толук көрсөтпөй жатат. 29-майда иликтөөсү чыккан, ал иликтөө деле эмес. Аны анонимдик документтер десек болот, анткени, кагаздар кайдан алынганы жана кимдер бергени белгисиз. Журналист Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтса, Финпол андай эмес деп жатат.

Мындан тышкары сөз болгон 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси барбы же жокпу, белгисиз. "Азаттык" тиешеси болушу мүмкүн деп айтып жатат. Азыр да күнөө тагылган жок. Барып эле Матраимовдорго асылып калышты. Бул суммадагы акча 7 жыл ичинде которулган. Бөлсөк, жылына 100 миллиондон чыгып жатат. Эмнеге анда 100 миллион дебей, 700 миллион деп айтып жатат. Акчаны көп кылып көрсөтүү үчүн жасалган амал болууда.

Которулган акча мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, белгисиз. Эгер расмий банк аркылуу которуулар болсо, демек, баары мыйзамдуу. Кылмыш каерде? Эгер акча которуу кылмыш болсо, анда дүйнөдөгү банктар иштебей калат да. Мүмкүн кылмыш бардыр, биз билбейбиз, "Азаттыктын" далил катары келтирген документтерди көрүш керек, бирок бул маалымат агенттиги бербей жатпайбы. Эки тарапка тең суроолор көп бойдон калды", - деди Айып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан