Балыкчыда батут кырсыгынан каза болгон 3 жашар кыздын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

Балыкчы шаарындагы батут кырсыгынан жаракат алып, каза болгон 3 жашар кыздын окуясы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул окуяга экспертизанын жыйынтыгы менен гана юридикалык баа берилет.

"Учурда тийиштүү иштер аткарылууда. 3 жашар кыздын чоң атасы арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми кыздын ата-энеси Бишкек шаарында жашай турганы аныкталып, алар суракка чакыртылган. Мындан улам суракта алар бул окуя боюнча кандай ойдо экендиги белгилүү болот", - деди басма сөз кызматы.

Окуя 9-июнда Соң-Көл кичи районунда болгон. Анда катуу шамалдан батут оодарылып, ооруканага 7-8 бала кайрылган. Жабыркагандардын арасында бир тууган эже-сиңдилер болгон. 2012-жылы туулган А.Б. аттуу кыздын буту сынган. Ал эми анын 2016-жылы туулган А.Б. аттуу сиңдиси башынан катуу жаракат алган. 10-июнда 3 жаштагы кыздын ичегилерине доо кеткени аныкталып, ага операция жасалган. 11-июнда кызды Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборуна которушкан.

Ал эми 19-июнда 3 жашар кыз чарчап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2019-07-11 19:35:09
Наристенин жайы жаннатта болсун,ата-энесине,туугандарына сабыр тилейм!
ХХХХХХХХХ
0
bond02
2019-07-11 20:54:41
Бир аткаминер, чиновниктин кызы же небереси болгондо го. Экспертизаны кутуп отурбайт эленер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан