Ош шаарында 24 жаштагы кыздын үйүнө бет капчан жаран кирип, 370 сом акчасын уурдап, андан соң зордуктады деген окуя боюнча жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экспертизанын жыйынтыгында гана кыздын зордукталганы же зордукталбаганы аныкталат.
Окуя 20-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Жабырлануучу кыз 24 жашта, ал эми шектелген жаран 27 жашта. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кыздын айтымында, шектүү кыздын үйүнө бет кап кийип кирип, көз айнек тагынып, колуна учтуу буюм алып келген. Ал кыздын 370 сом акчасын уурдап кеткен.