Ош шаарында зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон.
Жабырлануучу кыз 24 жашта, ал эми шектелген жаран 27 жашта.
Айрым маалыматтарга караганда, шектүү мурда зордуктаган кызды карактап кеткени үчүн шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Ал кызды акыркы 4 айдан бери издеп жүрүп таап, анан зордуктаган.
Учурда Ош ШИИБи толук маалымат такталып жатканын билдирип, кошумча маалымат берилерин айтты.