Кыргыз зыяратчыларынын алгачкы тобу Мединага жетти

Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарга чыккан зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына аман-эсен жетишти. Мындай маалыматты муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.

"Зыяратчыларды ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлү Султаналы Гапыров тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырды", - дейт маалымат кызматы.

16-июлдан 17-июлга караган түнү ажылардын алгачкы тобу "Манас-2" эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясындагы Медина шаарына учушкан. Бишкектен барган 392 зыяратчыны 8 ажы башчы коштоп барары маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ananasky
2019-07-18 09:37:39
Бизге да Аллахым насип кылган болсун Меккеге барып зыярат калганды, Аминь, аминь.
-4
Eka.kg
2019-07-18 09:55:46
Өлкөдө канча деген жардамга муктаж адамдар бар. Андан көрө ошол жака кеткен акчаны ошолорго берсе эки эсе соп болмок!
+19
Tolkun555
2019-07-18 12:22:04
Eka.kg,Тайландка Парижге Дубайга Турцияга Кытайга...Ж.б олклорго 5жылдыздуу мейканаларда ойноштору менен сайрандап жургондорго айтсан жарашмак.
+5
Tolkun555
2019-07-18 12:23:13
Eka.kg, Ажыга баргандар пенделик парздарын аткарып журушот.
+6
AsiaBoy
2019-07-18 10:09:28
Зыяраттары кабыл болсун
+8
futboler
2019-07-18 12:38:10
Кудайым бизге да буюрсун ажыга барганды.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан