16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргыз ажыларынын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп кетишет. Мындай маалыматты Кыргыз Мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Кыргыз жеринен ажылардын алгачкы тобун узатуу бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү саат 01:00дө "Манас-2" эл аралык аэропортунда өтөт. Зыяратчылардын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына муфтий Максатбек Токтомушев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын башчысы катышат.
Бишкек шаарынан учуучу 392 ажыны 8 ажы башчы коштоп барат. Ар бир ажылыкка бара жаткан жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат эрте аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл", - деп жазылат маалыматта.
Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 510 квота берген. Кийинчерээк дагы 500 орун бөлүнгөнү маалымдалган. Аларды Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы ташыса, кийимдерин актриса жана модель Айкөл Аликжанова тигип берген.