"Бишкек Парк" мейманканасында кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө

"Бишкек Парк" мейманканасында кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал боюнча текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июлда социалдык тармактардын бирине Абдулбасит Давлат аттуу жаран билдирүү жазып катуу талкуу жараткан. Ал өз билдирүүсүндө "Бишкек Парк" мейманкасына барганда тейлөө тили кыргызча болбогонун, кызматкер "бул жерде орусча, түркчө же англисче сүйлөңүз" деп айтканына нааразычылыгын билдирген.

"Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып, текшерүү иштери жүрүүдө. Кийинчерээк толук маалымат берилет", - деп билдиришти милициядан.

Окуя социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, 500дөн ашык интернет колдонуучу нааразычылыгын билдирген. Ал эми аталган окуя боюнча "Бишкек Парк" соода борборунан нааразычылыгын билдирген жаран окуяны көбүртүп-жабыртып жатканын айткан болчу.

Баткенде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
yarmuuk
2019-07-18 16:01:39
Тиги акчалуу немелер айыпты Кыргыз байкушка оодарбаса эле болду.
+5
Bars88
2019-07-18 16:15:59
Кыргыздын жаман жери башка улутту жогору койо беребиз илгертен.Кыргызстанда журуп кыргызча суйлой албайбыз
+2
Gulnyr19
2019-07-19 01:58:04
Туугандар бекем туралы кантип өзүбүздүн жерде өзүбүздү басынтабыз. Жашап иштеп жаткандан кийин билсин мамлекеттик тилди
+1
tina-Tin
2019-07-19 16:14:06
Мен универде окуп жургондо группада эки орус калганы отуздай кыргыз бар эле. Ошол эки орус которулуш чыгарган орус группа болгондон кийин баарынар дайыма орусча суйлогуло деп деканга чейин кирип. Кийин эки группага болгон орус кыргыз кылып. Баары бир аларга орусча суйлобой койгонбуз патриоттор коп эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан