"Бишкек Парк" мейманканасында кыргызча сүйлөөгө байланыштуу жаңжал талкуу жаратты. Мейманканага 17-июлда барган Абдулбасит Давлат аттуу жаран тейлөө тили кыргызча болбогонун, кызматкер "бул жерде орусча, түркчө же англисче сүйлөңүз" деп айтканын интернеттеги баракчасына жазган.
Билдирүүсүндө: "Мен "кыргыз кыздар болсо айтыңыз" деп талап кылсам сыртка чыгып кетти. Аңгыча ары-бери басып жүргөн кыргыз кыз келди. Мен ага болгон окуяны айтып берсем, ал дагы тиги орус кыздын айтканын талап кылды. Беш мүнөт өтпөй жанагы орус кыз сырттан төрт кыргыз жигитти ээрчитип келди. Мен таң калып "жигиттер, тынччылыкпы?" десем "байке, бул жерде ушундай мыйзам бар. Маселе жаратпаңыз" деп суранышты. Анан мен өзүмчө "атаңдын көрү, мен Кыргыз жеринде эмес, башка өлкөдө жашайт турбаймынбы?" деп ойлодум. Ушул окуяга кандай көз караштасыздар?" - деген.
Окуя заматта талкуу жаратып, жүздөгөн интернет колдонуучулар нааразычылыгын билдиришкен. Аталган окуя боюнча "Бишкек Парк" соода борборуна байланышып көрдүк. Ал жактын жарнама бөлүмүнүн башчысы Батма Казакбаева "мейманканага келген жаран окуяны көбүртүп-жабыртып жатат" деген пикирин айтты.
"Ал күнү ресепшнде кыргыз кыздар жок болуп, түрк жана англис тилинде сүйлөгөн башка улуттун кызы турган. Анын иштегенине үч ай болгон. Ал эми ресепшнде иштеген кыргыз кыздарыбыздын бири ооруп, бири эмгек өргүүсүнө чыккан эле. Биздин кызматкер "кыргызча түшүнбөйм" десе, ал киши "сиз эмнеге Кыргыз өлкөсүндө жашап жатып кыргызча түшүнбөйсүз?" деп кыйкыра баштаптыр. Кызматкерибиз бизде кыргыз тилинде сүйлөгөнгө болбойт деген эмес. "Мен кыргыз тилин билбейм. Эл аралык тилдин биринде сүйлөңүз. Бул жер эл аралык мейманкана" деп айткан. Ал киши хайп жасап, көбүртүп-жабыртып жазып жатат. Видеокамераларда өзүн кандай абалда алып жүргөнү, орой сүйлөп кыйкырганы бар экен. Мейманканада Кытай, Сауд Арабиядан келген коноктордун көзүнчө кыйкырып, жаңжал чыгарганда, биздин кызматкер күзөтчүлөргө "жардам бериңиз" деп кайрылыптыр. Анан күзөтчүлөр аны чыгарышыптыр", - деди Батма Казакбаева.