Баткенде унаа сайга түшүп кетип, 6 жашар бала каза болду

Баткен облусунун Лейлек районунда сайга түшүп кеткен унаанын ичиндеги 6 жашар бала каза болуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Лейлек районунун Исфана-Андарак унаа жолунун 13-15-чакырымында болгон. Анда Форд транзит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай сайга түшүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 6 жашар К.Б. жеринде каза болуп, ал эми айдоочусу 38 жаштагы М.Ж. жеңил жаракат алган.

Куткаруучулар каза болгон баланы унаадан чыгарып беришкен. Жеринде 6 куткаруучу иштеген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан