КҮНСОБОЛ: Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу? Бектур Асанов: "Бул кишиге ишенип болбойт, буга чейин чыкпайм деди эле, мына бүгүн өлкөдөн чыгып кетти"

Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы “Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген собол салды.

"Атамбаев өлкөгө кайра келсе аны аэропорттон кармайт деген терең ишенимим бар. Себеби аны кармабаса, мыйзам иштебесе мамлекеттин баркы кетип калат. Мен бийлик бул кадамга сөзсүз барат деген ойдомун.

Негизи бул кишиге ишенип болбойт, буга чейин чыкпайм деди эле, мына бүгүн өлкөдөн чыгып кетти. Ал өзүнүн кызыкчылыгына жараша гана аракет кылат.

Ал эми мындан аркы саясий өңүт, бул бийликтин эле аракетинде жашап жатат. Эгер бийлик туура аракеттерди жасаса корко турган эч нерсе деле болбойт. Бүгүнкү күнгө чейин бийлик тарабынан андай катачылык кете элек. Атамбаевге мыйзам чегинде 1 эмес 3 жолу суракка чакыруу берди, "чыгам" деди тоскоолдук кылган жок. Бийлик тарабынан да мыйзам бузуу болгон жок. Ал эми саясат кандай болоору бийликтин мындан аркы кадамдарынан көз каранды", - деди Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан