Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков: "Атамбаевдин саясий карьерасы бүткөн, өлкөгө эч кандай таасир эте албайт". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын “Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген соболуна коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков жооп берди.

Талгарбеков Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлобой турганын айтты.

“Саясий кырдаал азыр кандай болсо, ошол бойдон калат. Атамбаев эч кандай чоң саясатты жетелей албайт. Анын саясий карьерасы бүткөн, өлкөгө таасир эте албайт. Жогорку Кеңеш анын кол тийбестик макамын алып салгандан кийин, ал “саясий өлүккө” айланган. Кайра келгенде элге ар кандай шоу көрсөтүшү мүмкүн. Анысынан эч кандай майнап чыкпайт. Ал жакында, август айынын экинчи жарымында УКМКнын СИЗОсуна отургузулат. Сурак берип баштайт”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан