Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Матраимовдун үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берди

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү жана жакындарынын мүлкү текшерүүгө алынган эле. Эсептөөдөн кийинки аныкталган салыктардын суммасы 24 миллион 275 миң сом болгонун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылдын февраль айында Башкы прокуратура сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө байланыштуу ишти каттоого алган. Ага 2018-жылы президенттин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттер тарабынан берилген суроолор негиз болгон.

Салык мыйзамынын талаптарын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин "Д.Т." ЖЧКсы, "ТКА." ЖЧКсы жана "Т.Т." ЖЧКсында эсептөөдөн кийинки аныкталган салыктардын суммасы 18 миллион 33 миң 267 сом экени белгилүү болду.

Матраимовдун жубайы У.Т. чет өлкөлүк "E.E.S." компаниясы менен бирге ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Май айында компанияда текшерүү жүрүп эсептөөдөн кийинки аныкталган салыктардын суммасы 6 миллион 241 миң 728,71 сом экени аныкталып, андан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын бирдиктүү депозиттик эсебине төлөндү.

Азыркы тапта калган салыкты төлөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Матраимовдун бирдиктүү салык декларациясында аялынын атында Ысык-Көл облусунда жайгашкан коттедж, Лексус GX 460 үлгүсүндөгү унаа бар экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле Бишкек шаарындагы 2 жана Ош шаарындагы 1 батирди сатуу боюнча келишими каттоого алынгандыгы аныкталды.

Райымбек Матраимовдо 2 батир бар экени такталды. Анын бири Бишкек шаарында, экинчиси 2004-жылы Ош шаарында сатып алган үйү.

Мындан сырткары Матраимов апасынан мурас катары өткөн кыймылсыз мүлктүн 3төн 1 бөлүгүнө ээлик кылары аныкталган. Мурас катары өткөн кыймылсыз мүлк төмөнкүдөй болуп анын жакындарына бөлүнгөн:

1. Ош шаарында жайгашкан турак үй Р.М.ге өткөрүлүп берилген.

2. Ош облусунда жайгашкан көп жылдык бак-дарактар отургузулган жер тилкеси Т.М.ге берилген.

3. Чүй облусунда жайгашкан турак үй И.М.ге берилген.

Кыймылсыз мүлк, чыгашалар жана кирешелер жөнүндө бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк мыйзамга ылайык текшерүүгө алынганы айтылды. Ошондой эле кырдаалды ар тараптуу иликтөө максатында Райымбек Матраимовдун жана жакындарынын чет өлкөдөгү мүлктөрүн аныктоо боюнча тийиштүү билдирүүлөр жөнөтүлгөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан