26-июлдан 28-июлга чейин Тамчы айылынан Бостериге чейинки жолдо транспорттун бардык түрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргыз жерине болгон расмий иш сапарына байланыштуу. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежелерин сактоого чакырды. Жүк ташуучу унаалар жана кооптуу жүктөрдү ташып бара жаткан айдоочуларга альтернативдүү маршрут - Ысык-Көлдүн түштүк жээги менен жүрүү сунушталды.