22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуусун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин айтымында, чек ара маселеси кайсы бир президенттин тушунда чечилген болсо, бүгүнкү күндөгүдөй көйгөйлөр жаралбайт болчу. "Чек ара маселесин бир дагы президент жакшы чече алган жок. Эгерде бул маселе чечилген болсо бүгүнкү күндөгүдөй чек ара көйгөйлөрү чыкпайт болчу. Бардыгы ордунда болсо, кантип ушундай көйгөйлөр жаралмак эле?" - деди Чолпонбаев.