22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков учурда бардык иштерди токтотуп, биринчи кезекте чек ара маселелерин чечүү керектигин айтат.
"Чынын айтсам эч бир президенттин убагында чек арага байланыштуу көрүнүктүү иш аткарылган жок. Алмазбек Атамбаевдин маалында 85 пайызга чек ара маселелери чечилди деп айтылат, бирок Шамалды-Сай жакта Өзбекстан бир тараптуу кылып тосуп алган. Мындай жерлер көп, бул нерсени көргөн сайын зээниң кейийт. Азыркы учурда биринчи кезекке чек ара маселесин коюу керек. Кайсы президент болсо дагы болгон аракетин жумшап, башка иштердин баарын токтотуп туруп ушул маселени чечиши керек.
Улам-улам чыңалууну пайда кылып, ары же бери чечпей койбой радикалдуу чечимдерди кабыл алышы керек. Радикалдуу чечим дегеним алмаша турган жерлерди алмашып, көчүрө тургандарды көчүрүп ушул маселени чечүү зарыл. Мамилени бузуп алабыз дегенден коркпой, бизге маанилүү маселени кароо керек. Өзбекстан, Тажикстанга аябай ыңгайлуу болуп жатат. Себеби бизде жетекчилер улам алмашып, саясий туруксуздуктун айынан тез-тез жылышып, жерлерибизди ээлеп жатат. Ошол себептен алар бул маселени чечүүгө кызыкдар эмес. Тилекке каршы, учурда оппозиция, пропозиция деп бөлүнүп, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой ич ара тиреш менен эле алек болуп жатабыз", - дейт Исаков.