22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, чек ара маселеси өтө маанилүү болуп эсептелет. "Эгемендүүлүк алган күндөн тарта чек ара маселеси күн тартибинде келе жатат. Тилекке каршы, мындай көйгөйлөр коштолууда. Ар бир президенттин тушунда чек ара маселеси элдин толкундоосуна алып келген. Акыркы 9 жылдан бери чек арага байланыштуу Кыргыз мамлекетинин эли чоң маселе көтөрүп толкундаган жок. Бирок чек арадагы көйгөйлөр токтободу. Анткени маселе чечиле элек. Акыркы жылдарда Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү аракеттери болуп жатат'', - деди Турсунбеков.