22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.
Саясатчы Адахан Мадумаров бул талаш суроо экенин айтты. "Тескерисинче чек ара маселеси кайсы учурда эң жаман, начар чечилген деп суроо салса туура болот. Эгемендүүлүктү алганда Өзбекстанда, Казакстанда абдан сабаттуу, тажрыйбалуу кишилер келип калып, ошол мезгилде бизге зыян келе турган маселелер чечилип калган. Анда колубузда турган оокаттарды алдырып жиберген учурлар болгон. Ушул мезгилге чейин чечилген чек ара маселеси Кытай, Казакстан менен болгон. Бардык чекит Аскар Акаевдин убагында коюлган. Азыр сабатсыздар келип, көпчүлүк учурларда чек ара маселеси көтөрүлсө эле Мадумаров деп айтып жатышат. Курманбек Бакиевдин убагында бир дагы чек ара маселеси чечилген жок. 2001-жылдын декабрь айында Казакстан менен чек аранын соңку чекити коюлган. Кийин өзгөртүү, түзөтүүлөр киргизилген, бул башка маселе. Тажикстан менен келишимге кол коюла элек. Чек араны делимитациялоо, демаркациялоо аталган өлкө менен жана Өзбекстан менен дагы боло элек. Азыр такыр чечилбеген чек ара маселеси ушул эки мамлекет менен болуп жатат", - деди Мадумаров.