Экс-депутат Феликс Кулов: "Чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбей келүүдө, бирок ага объективдүү себептер бар". КҮНСОБОЛ

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.

Экс-депутат Феликс Кулов бул маселеге эл аралык укуктарды билген кесипкөй адистер керектигин айтат.

"Бул маселе көп жылдан бери чечилбей келүүдө, бирок ага объективдүү себептер бар. Совет доорунда ушундай көп маселелер калган. Бул жагында бир эл, экинчи жагында башка эл жашап жатканда маселе өтө татаал. Бул бир күндө чечиле турчу маселе эмес, анын чечилишине акырындык менен баруу керек. Себеби айланасында дагы башка көйгөлөрү бар. Ошол эле суу, электр энергиясы, жер маселеси. Мындан сырткары саясий факторлорду, тарыхты да эске алып, ошол жерге барып элдин оюн угуу керек. Мындай айтканда, бардык жагдайларды карап чыгуу зарыл.

Бул маселени чечүүдө жөнөкөй эл эмес, эл аралык укуктарды билген кесипкөй адистер керек. Ар бир метр жерди дыкаттык менен изилдеп чыгуу абзел. Анан диванда отуруп алып кандай болорун айтуу туура эмес.

Менимче, кандайдыр бир бааны берүү азыр туура эмес, ага убакыт керек, мунун баары дагы 10-15 жылдан кийин билинет. Алсак, Атамбаевдин убагында президенттик-парламенттик республика болду, Акаев, Бакиевдикинде президенттик башкаруу болгон. Буларды дагы эске алыш абзел. Бул маселени чечүү үчүн аброй, акча керек", - дейт экс-депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан