Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-июлда саат 16:38 чамасында Көк-Бел ашуусунда болгон. Анда Хонда стэп вагон жана Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Жерине ӨКМнын куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып,"Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн бул кырсыктан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген 4 жүргүнчүнүн бири каза болуп калганын тастыкташты.