Чүйдө айдоочу жолдун боюнда кетип бараткан адамды сүзүп, унаасы оодарылып кеткен. 61 жаштагы жабырлануучу каза болуп калды

Чүй облусунда айдоочу жолдун боюнда кетип бараткан адамды сүзүп, унаасы оодарылып кеткен. 61 жаштагы жабырлануучу каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 29-июлда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 29-июлда эртең менен саат 7:00 чамасында Көк-Жар айылында орун алган.
"Toyota Harrier үлгүсүндөгү унаанын 32 жаштагы айдоочусу жолдун боюнда кетип бара жаткан жөө адамды сүзүп, унаасы оодарылып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу окуя болгон жерден каза болуп калган. Ал эми айдоочу ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти башкармалыктан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан