Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 полковник каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, куралдуу күчтөрдүн 2 полковниги каза болуп, 2 офицер ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 97-чакырымында бүгүн, 20-майда таңкы саат 06:30дар чамасын катталган.

"Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жүк ташуучу унаанын артынан сүзгөн. Унаанын ичинде түштүктөн Бишкекке келе жаткан аскер кызматкерлери болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жеңил унаанын айдоочусу уктап кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Каза болгон жана оор абалда ооруканага жеткирилген адамдар Башкы штабдын кызматкерлери болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bazana
2019-05-20 15:42:02
Фура эч нерсе болпоптур
0
ainura220888
2019-05-20 16:07:39
Тооба кылдым, орозонун кунундо бейишке кирсин оомин. Эми фура туура эмес токтоп турган деп протокол жазып койбогула орозонун кунундо чесный болгула
+2
bond02
2019-05-20 17:09:57
Эркекче сузуптур, учуп эле келаткан окшойт Мазда.
+4
JENTLEMAN
2019-05-20 17:47:14
Фура кыймылдапта койбоптурго. Бейиши болсун офицерлер.
+3
Krai
2019-05-20 21:20:22
JENTLEMAN,фура менен мазданын айырмасын карасаңар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан