Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Назарбаевдин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, алар Кыргыз-Казак өлкөсүнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармагындагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле аймактагы маселелер тууралуу дагы сөз болду.