Ошто жүрөк оорусу кармап калган айдоочу унаасы менен бийиктиги 28 метр болгон жардан кулап каза болду

Ош облусунун Алай районунда жеңил унаа бийиктиги 26-28 метр болгон бийиктиктен кулап кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-июль күнү Ош-Эркечтам унаа жолунда катталган.

"Алай районунун 45 жаштагы тургуну өзүнүн Daewoo Kalos унаасы менен Гүлчө айылын көздөй бара жаткан. Жолдо унаанын рулу башкаруудан чыгып, жардан кулап кеткен. Аны жергиликтүү тургундар көрүп милиция кызматкерлерине кабар беришкен. Жерине келген ыкчам иликтөө тобу маркумдун аты-жөнүн аныктап, ага медициналык экспертиза дайындаган. Экспертизанын жыйынтыгында маркумдун жүрөк оорусу кырсыкка чейин эле кармап калганы аныкталган. Мындан улам унаа жардан кулап кетиши мүмкүн экени айтылган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samina007
2019-07-26 17:54:56
Марат акенин жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына тереең көңүл айтам.жакшы киши болчу.
+5
Kroxa
2019-07-28 01:31:38
Жалгыз эле болгону ажеп башканын омурун ала жатпай..жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан