Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев: "Араң турган жараны кайра ырбатпагыла. Кыргыз өлкөсүнө мунун кереги жок!". КҮНСОБОЛ

Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев туулган күндүн шылтоосу менен чыккан телеберүүнү регионалдык тирешүү максатында колдонуучу саясий күчтөр четинен чыгышы мүмкүн деген пикирде.

"Кыргыз өлкөсүндөгү айрым каналдар Курманбек Бакиевдин туулган күнүн шылтоолоп, аны мактап-жактаган телеберүүлөрдү эфирге чыгарды. Негизи бул жышаан туура эмес деген ойдомун. Бакиев Кыргыз Республикасынын соту менен соттолгон адам. Өтө оор кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Сөз эркиндигине жамынып алып бул маселени козутуп, кайра жандандырганы ал режимди актоого аракет деп бааланат. Бул болсо сөзсүз түрдө коомдогу чыңалууга алып келери айдан ачык. Аталган маселени регионалдык тирешүү максатында колдонуучу саясий күчтөр четинен чыгат. Ошол үчүн бул телеканалдардын кожоюндарын, журналисттерин жоопкерчиликке чакырар элем. Араң турган жараны кайра ырбатпагыла! Бул чоң жаңжалга алып барчу, жоопкерчиликсиз, кара өзгөй, эл бузар саясат болуп калат. Кыргыз өлкөсүнө мунун кереги жок!" - дейт Акматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан