Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, Бакиевди актоо кампаниясы көптөн бери эле жүрүп жатат.
"Көптөн бери эле Бакиевдин жактоочу топтору ой-пикирлерин айтып, аны актоо процессин жүргүзүп жатат. Бирок мурунку 2010-2011-жылдары элдин каны кайнап турган мезгилде бул маселени көтөрүү жеңил эмес болчу. Тарыхый оор мөөнөтү өткөндөн кийин бул процесс башталган. Башталганына бир күн болгон жок, 3-4 жылдан бери жүрүп жатат. Өзгөчө активдүүлүк акыркы мезгилде маалымат каражаттарында пайда болду. Бизде сөз эркиндиги бар, тыюу сала албайбыз. Шайлоого карата лобби топтор пайда болгонун көрүп жатабыз", - деди Үмөталиева.