Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков бул аракеттер коомчулуктун реакциясын текшерүү үчүн атайын жасалган аракет деген ойдо.
"Курманбек Бакиевди телеканалдардан жайма-жай жарыялай баштоонун бир канча себеби бар. Биринчиси, анын курагы, юбилейи маалыматтык жактан шылтоо. Экинчиси, 2010-жылкы Конституциялык болбогон жол менен болуп өткөн бийлик алмашуунун максаттары ишке ашкан жок. Ошондуктан бардык нерсени эске салуунун эң ыңгайлуу убагы келди деп чыгып жатышы толук мүмкүн. Үчүнчүсү, Бакиевдердин тарапташтарына өздөрүн көрсөтүп, мурдагы жетекчилерине дагы деле лоялдуу болгондорун баса белгилөө аракеттери болушу мүмкүн. Ал эми төртүнчүсү, бул рейтинги түшүп кеткен бийликтин фонунда коомдун реакциясын текшерүү аракети дагы болушу ыктымал", - дейт Исаков.