"Элдин тагдыры менен ойнобогула" деп бүгүн, 1-августта маалымат жыйынында "Баатырлар үмүтү" коомдук бирикмесинин мүчөсү Бурулбюбю Назарбаева билдирди.
"Учурда ниети жаман адамдар коомду 5-6га бөлдү. Апрель айында жолдошум Үсөнбек Камаев каза болгон. Күйөөмдөн ажырап, бүгүнкү күнгө чейин жогорку окуу жайды аяктаган кызым куугунтукталууда. Өз күчү менен окууну аяктап, жумушка орношо албай жүрөт.
Президентке, өкмөт башчыга кайрылгым келет, Апрель окуясында каза болгондор жарык, келечек үчүн жанын берген. Бирок кайдагы жаркын келечек? Келечек кайда, баягы эле байдын туугандары кызматта отурушат. Биздин жакындарыбыз бийлик элге кызмат кылат деп жанын берген. Элдин тагдыры менен ойнобогула, ойносоңор оолак ойногула", - деди ал.