Бүгүн, 1-августта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетине иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди.
Президент бардык тиешелүү маселелер өз ара пайдалуу шарттарда чечилүүсү керектигин белгилеп, Өзбекстан менен көп тараптуу кызматташууга да кызыкдар экендигин билдирди.
Ошондой эле Жээнбеков Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгилеп, Кыргыз мамлекети жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуусун мындан ары тереңдетүүнүн маанисин белгиледи.
Абдулла Арипов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин саламын айтып, эки мамлекет башчыларынын жасаган аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилелери жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык мамилелерде алгылыктуу өсүү болгонун белгиледи. Өзбекстандын премьер-министри президенттер тарабынан белгиленген эки өлкө ортосундагы бардык маселелер анын ичинде Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн 1 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.