Кыргыз мамлекети жана Өзбекстандын чек аралык аймактарынын ортосунда кызматташуу жаңы форматка өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн Кыргыз-Өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы даражасына чыкты.
"2017-жылы Кыргыз Республикасынын президенти алгачкы ирет Өзбекстанга расмий сапар жасаган. Анын жыйынтыгында соода-экономикалык, финансылык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташтык боюнча эки жактуу келишимдердин кеңири пакетине кол коюлган. Мындан тышкары 2018-жылы мамлекет башчылардын деңгээлиндеги диалог көп тараптуу аянтчада уланган. Буга байланыштуу Кыргыз тарап Өзбекстандын президентинин Кыргыз Республикасына жооп иретинде сапарын күтөт.
Акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде олуттуу өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгилеп кетүү маанилүү. Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашуу, чек ара райондорунда ишеним чаралары боюнча келишим, Аскер чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуу сыяктуу биздин элдерибиз үчүн маанилүү документтерге кол коюлду. Бул кызматташтыктын жаңы сапаттык деңгээлинин - стратегиялык өнөктөштүктүн далили. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жемиштүү иштерди өзүнчө белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Өзбек тилкесинин калган бөлүгүн чийүүнү аяктоо боюнча эки жактуу диалог уланууда. Жакында тараптар тиешелүү макулдашууга кол коюшат деп ишенем", - дейт Абылгазиев.